Ош — ишкердүүлүктон негизделген шаар. Бул жерде миңдеген бизнес иштеп, шаардын өнүгүшүнө салым кошот.
Шаарда миңдеген чакан, орто жана ири компаниялар иштеп жатат. Алар товарларды, кызматтарды, жаңы идеяларды жаратышат жана адамдарга өсүү мүмкүнчүлүгүн беришет. Ар бир ишкер — өз колу менен шаардын күчүн арттырып жаткан адам.
Бизнес — Ош экономикасынын жүрөгү.
Бизнес миңдеген үй-бүлөлөргө туруктуу жумушту камсыз кылат. Ишкерлер айлык төлөп, кызматкерлерди окутуп, кесипкөй командаларды түзөт. Ар бир жумуш шаардын бакубаттыгына салым кошот.
Иш орундары жана туруктуулук
Бизнес төлөгөн салыктар пенсияга, жөлөк пулга, мектептерге, жолдорго жана коомдук долбоорлорго жумшалат. Бул каражаттар адамдарга кайтып келет жана Ошто жашоону жакшыртат. Ошондуктан иштеп, жаратып, адилет төлөгөн адамдарды урматтоо маанилүү.
Ар бир салыктын натыйжасы — биз үчүн
[ Оштук Founders ]
Шаардын жаратуучулары: өзгөртөт. Өнүктүрөт. Илгерилетет.